# 528-берене. Өздүк кароо жана буюмдарын карап чыгуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 528-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-528

---

1. Өздүк кароого ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын, аскерлештирилген күзөттүн, Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан, ал эми мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда, буга ыйгарым укуктуу башка органдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Өздүк кароо каралуучу менен бирдей жыныстагы ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Транспорт каражатын, чакан кемелерди жана буюмдарды кароо ички иштер органдарынын, салык кызматынын, аскерлештирилген күзөттүн, Мамлекеттик чек араны коргоо, бажы иштери, экологиялык коопсуздук боюнча жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, ошондой эле мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда, башка органдардын буга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Транспорт каражатын, чакан кемени, буюмдарды, кол жүгүн, багажды, аңчылык жана балык уулоо куралдарын, олжолонгон продукцияны жана башка буюмдарды кароо алар менчигинде же ээлигинде болгон адамдын катышуусунда жүзөгө ашырылат. Кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда, көрсөтүлгөн буюмдар, предметтер менчик ээси (ээлик кылуучу) жок болгон учурда фото жана видеожазуу техникалык каражаттарын колдонуу менен каралышы мүмкүн.

5. Өздүк кароо жана транспорт каражатын, чакан кемелерди жана буюмдарды карап чыгуу жөнүндө протокол түзүлөт же болбосо укук бузуу жөнүндө протоколго же кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.

---

Мурунку берене: [527-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-527)  
Кийинки берене: [529-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-529)
