# 527-берене. Алып келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-527.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 527-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-527

---

1. Иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жакты же юридикалык жактын өкүлүн, жоопкерчиликке тартылуучу он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын мыйзамдуу өкүлүн алып келүү, алар талаптагыдай кабарланган шартта, жүйөлүү себептерсиз эки жолудан көп келбей койгон учурда ишке ашырылат.

2. Алып келүү ички иштер органы тарабынан соттун же укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан ыйгарым укуктуу органдын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [526-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-526)  
Кийинки берене: [528-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-528)
