# 525-берене. Кармоону жүзөгө ашырууга укуктуу органдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 апреля 2026 года № 54 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045011)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=47743..51920>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 525-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-525

---

Укук бузуу жасаган адамды кармоо мыйзамдарга ылайык буга ыйгарым укуктуу органдар (кызмат адамдары) тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн, атап айтканда:

1) ички иштер органдары тарабынан – үй-бүлөлүк зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча адамга берилген коргоо ордеринин шарттары бузулганда; майда бейбаштык; тилемчилик; тилемчиликке тартуу; өзгөчө кырдаалдын шарттарында белгиленген талаптар бузулганда; алкоголдук, баңги же башка мас абалында жол кыймылынын эрежелери; аңчылык эрежелери бузулганда; баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды сатуу максатын көздөбөстөн, аз өлчөмдө мыйзамсыз даярдоодо, сатып алууда, сактоодо, ташууда же жөнөтүүдө;

2) экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан – флора жана фауна объекттерине тийиштүү укук бузуулар жасалганда;

3) Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан – чек ара режими же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында режим бузулганда жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чыгарылган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн;

4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулганда;

5) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – транспортту эксплуатациялоо ченемдери бузулганда.

(КР 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [524-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-524)  
Кийинки берене: [526-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-526)
