# 523-берене. Укук бузуучуну укук бузуу жѳнүндѳ протокол түзүү жерине алып келүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-523>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-523.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 523-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-523

---

1. Укук бузуучуну укук бузуу жөнүндө протокол түзүү жерине алып келүү – эгерде протокол түзүү милдеттүү болуп саналса, аны жеринде түзүү мүмкүн болбогондо укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү максатында адамды мажбурлап коштоп келүү. Алып келүү мыйзамдарды сактоону көзөмөлдөө же контролдоо жүктөлгөн кызмат адамдары тарабынан ички иштер органына (милицияга) же башка кызматтык жайга жүзөгө ашырылат.

2. Алып келүү кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

3. Укук бузуу же кармоо тууралуу протоколго алып келүү жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат.

---

Мурунку берене: [522-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-522)  
Кийинки берене: [524-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-524)
