# 522-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чараларынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=14329..14341>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-522>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-522.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 522-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-522

---

Укук бузуулар жасалган жерде протоколду түзүү мүмкүн болбогондо, укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шектелгендин өздүгүн аныктоо, укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:

1) укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жерге укук бузуучуну алып келүүгө;

2) кармоого;

3) айдап келүүгө;

4) жеке текшерүүгө жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;

5) алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүүгө.

6) тобокелдиктерге баа берүү протоколун түзүүгө.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-521)  
Кийинки берене: [523-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-523)
