522-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу чараларынын түрлөрү
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 55-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 161
Укук бузуулар жасалган жерде протоколду түзүү мүмкүн болбогондо, укук бузууга бөгөт коюу, аны бузду деп шектелгендин өздүгүн аныктоо, укук бузуу жөнүндө протоколду түзүү, ишти өз убагында жана туура кароону камсыз кылуу жана иш боюнча кабыл алынган токтомду аткаруу максатында ыйгарым укук берилген кызмат адамы өз ыйгарым укуктарынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун төмөнкү чараларын көрүүгө укуктуу:
1) укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн жерге укук бузуучуну алып келүүгө;
2) кармоого;
3) айдап келүүгө;
4) жеке текшерүүгө жана транспорт каражатын, чакан кемени жана буюмдарды карап чыгууга;
5) алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүүгө.
6) тобокелдиктерге баа берүү протоколун түзүүгө.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
522-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүүгө. кошулду: 6) тобокелдиктерге баа берүү протоколун түзүүгө. (КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-522" title="522-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>