# 521-берене. Укук бузуу жөнүндө протоколду, укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралуу прокурордун токтомун жөнөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 521-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-521

---

1. Укук бузуулар жөнүндө протокол, укук бузуу жөнүндө иш козгоо тууралуу прокурордун токтому (укук бузуу жөнүндө протокол менен бирге) сотко же укук бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча ыйгарым укуктуу органга укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн, иш козгоо тууралуу токтом чыгарылган учурдан тартып үч сутканын ичинде жөнөтүлөт.

2. Камакка алуу түрүндө жаза чарасына алып келген укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин токтоосуз соттун кароосуна өткөрүп берилет.

3. Укук бузуулар жөнүндө протокол туура эмес түзүлгөндө жана иштин башка материалдары туура эмес жол-жоболоштурулганда укук бузуулар жөнүндө ишти караган соттон же органдан алган күндөн тартып үч суткадан ашык эмес мөөнөттө протоколдун жана башка материалдардын кемчиликтери жоюлат.

4. Укук бузуулар жөнүндө протокол жана иштин башка материалдары кайтарылганда, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда протоколдун жана иштин башка материалдарынын кемчиликтери жоюлган күндөн тартып үч сутканын ичинде укук бузуулар жөнүндө ишти караган сотко же органга кайрадан жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [520-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-520)  
Кийинки берене: [522-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-522)
