# 520-берене. Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 октября 2025 года № 233 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033468)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.10.2025 [Закон КР от 24 октября 2025 года № 233 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033468); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=39425..40261>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-520>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-520.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 520-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-520

---

1. Ушул Кодекстин 21-главасында каралган жана автоматтык режимде иштеп турган фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен түшүрүлгөн укук бузуулар аныкталган учурда укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом укук бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат жана ушул Кодекстин 539-беренесинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды тиркемеси менен, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы менен тастыкталат.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом жана автоматтык режимде иштеп жаткан фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу жолу менен даярдалат. Ошол токтомдун көчүрмөсү укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү ачылган адамга почта, тапшырык почта жөнөтүүлөрү боюнча же электрондук түрдө укук бузуулар субъектинин электрондук почтасына жөнөтүлөт, же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркеме же көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде уюлдук телефонуна СМС-билдирүү аркылуу жарыяланат.

4. Өзгөчө учурларда, ушул Кодекстин 21-главасында каралган укук бузуулар аныкталганда жана автоматтык режимде иштеген фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен аныкталган, ушул Кодекстин 508-беренесине ылайык алар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган, укук бузган жактарга карата кагаз жүзүндө же электрондук түрдө протокол түзүлөт. Иш боюнча андан аркы өндүрүш жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [519-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-519)  
Кийинки берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-521)
