# 519-берене. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн өзгөчө учурлары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13740..13766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 519-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-519

---

1. Жагымсыз аба-ырайынын шарттарында же протоколду түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматты тактоо үчүн техникалык каражаттарды пайдаланган учурда ыйгарым укуктуу орган бул үчүн жарактуу болгон жакынкы жайларда же транспорт каражатында протокол түзүүгө укугу бар.

2. Эгерде адамда ким экендигин тастыктаган документ жок болсо жана мындай учурда ал өзүнүн ким экенин ырастаган жана өзү жашаган жер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамды органдын жайына алып барууга укуктуу. Мындай учурларда протоколду түзүүнүн мөөнөтү үч сааттан ашык болбоого тийиш.

3. Алып келингендиги жөнүндө укук бузуулар тууралуу протоколго тийиштүү жазуу жазылат. Мындай учурда ыйгарым укуктуу органдын жайына алып келүүнүн башталышынын жана бүтүшүнүн так убактысы көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу органдын жайына чейин алып келүү (ташуу) убактысы үч сааттан ашпоого тийиш.

4. Адамдын талабы боюнча ыйгарым укуктуу орган ага алып келинген убакытты жана протоколду түзүүнү тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөт адам талаптарды аткаруунун натыйжасында ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен же тийиштүү жайда (транспорт каражатында) калган учурдан башталат.

6. Адам суроолорго түшүндүрмөлөрдү берүүдөн баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу орган протокол түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматтарды өз алдынча аныктоого милдеттүү.

7. Ыйгарым укуктуу орган протоколду түзүүнүн ар бир учурун ушул Кодекстин 55-беренесине ылайык Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизет.

8. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан түзүлгөн салык контролунун материалдары ушул Кодекске ылайык кароо жана жоопкерчиликке тартуу үчүн салык төлөөчү катталган жери боюнча аймактык салык органына берилет.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [518-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-518)  
Кийинки берене: [520-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-520)
