518-берене. Укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү жапа укук бузуулар жасалган жерде аны кароо
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 54-глава
1. Укук бузуу жөнүндө иш укук бузуу жасалган жерде ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан каралат жана чечилет, эгерде:
1) ушул Кодекстин 519-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;
2) бул укук бузуу сот тарабынан каралууга тийиш болбосо;
3) жаза чарасы катары эскертүү колдонулса;
4) адам укук бузуу жасаган фактысын жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.
2. Эгерде адам укук бузуулар фактысын же жаза чарасын же ыйгарым укуктуу орган колдоно турган кошумча укуктук кесепеттерин талашып-тартышса, анда укук бузууларды кароо ушул Кодексте каралган жалпы тартипте ишке ашырылат. Мындай учурда укук бузуулар болгон жерде түзүлгөн протокол ушул Кодекске ылайык жаза чарасын берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жөнөтүлөт.
3. Эгерде жак укук бузуулар жасалгандыгынын фактысын, ага карата жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, анда укук бузуу жасалган жерде ушул Кодекстин 539-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарды сактоо менен токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол коёт, мында көрсөтүлгөн токтом укук бузуучуга анын көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Жаза чарасын жана (же) кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлүүчү укук бузуу жөнүндө протоколдо (токтомдо) баяндалат, анын көчүрмөсү укук бузуучуга жеринде тапшырылат же болбосо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы, мобилдик тиркемелер, электрондук почта же мобилдик телефонго СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.
(КР 2026-жылдын 5-июнундагы № 81Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
518-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-518" title="518-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>