# 514-берене. Укук бузууларды атайын техникалык каражаттар менен жазып түшүрүүдө укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 января 2024 года № 26 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000989)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=2091..2102>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-514>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-514.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 514-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-514

---

1. Сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен укук бузууларды жазып түшүрүү учурунда жол кыймылы чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) тартылат.

2. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) текшерүүнүн жүрүшүндө анын билдирүүсү же арызы боюнча укук бузуулар жасалганга чейин башка жактын укукка каршы аракетинин натыйжасында каражат анын ээлигинен чыгарылып кеткендиги аныкталса, ошол транспорт каражатынын катышуучусу менен жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Сертификатталган, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото, кино тартуу жана видео фиксациялоо функциялары бар атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен жазып түшүрүү учурунда транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин бузгандыгы үчүн транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2024-жылдын 24-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [513-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-513)  
Кийинки берене: [515-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-515)
