# 513-берене. Агайын техникалык каражаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.06.2026 [Закон КР от 5 июня 2026 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам обеспечения безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047510); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53975..54769>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-513>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-513.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 513-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-513

---

1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.

2. Жол кыймылынын эрежелерин же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин бузууларды аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү укук бузуулар жөнүндө протоколдо жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо белгиленет.

4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 520-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.

5. Мындай каражаттарды ыйгарым укуктуу органдын атайын транспорттук жана башка каражаттарында колдонууну кошпогондо, автоматтык режимде иштеген, укук бузууларды белгилөө үчүн фото, кино тартуу жана видео жазуу функциялары бар атайын техникалык каражаттарды колдонууга тиешелүү жол белгилери милдеттүү түрдө орнотулган шартта жол берилет.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-512)  
Кийинки берене: [514-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-514)
