# 512-берене. Буюм далилдери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июня 2022 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283325..1283326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 512-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-512

---

1. Укук бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдар, документтер, акчалар, баалуулуктар жана транспорт каражаттары, өзүндө укук бузуулардын изи түшкөн башка предметтер же укук бузууларды таап билүүнүн жана аларды жасаган жакты табуунун каражаты болуп эсептелүүчү, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын белгилөөчү каражат болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон предметтер укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далилдери катары эсептелет.

2. Буюм далилдеринин белгилери болгон предметтерге ээлик кылган бардык жактар мындай предметти ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюм далилдери укук бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар укук бузуулар жөнүндө протоколдордо же башка протоколдордо толугу менен баяндалууга тийиш. Зарылчылыкка жараша буюм далилдери сүрөткө тартылып же башка техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленип жана мөөр чапталып бекитилүүгө тийиш.

4. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган сот, ыйгарым укуктуу орган иш биротоло чечилгенге чейин буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Буюм далилдерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгү башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

6. Эгерде өзүнүн чоңдугунан же башка себептерден улам буюм далилдерин ишке тиркөөгө мүмкүн болбосо, бул иш өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу орган алар турган жер тууралуу белги коёт, ошондой эле сүрөткө тартат, алардын натыйжалары ишке тиркелет.

Тез бузулуучу товарлар жана продукциялар түрүндөгү буюм далилдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте бааланат жана соттун чечими боюнча сатуу үчүн өткөрүп берилет. Буюм далилдерин сатуудан түшкөн каражаттар, көрсөтүлгөн буюм далилдерин алып коюу жөнүндө чечим кабыл алган органдын депозиттик эсебине, ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган мөөнөткө чегерилет.

7. Андан аркы өндүрүш же кароо үчүн ишти башка мамлекеттик органга же сотко өткөрүп бергенде буюм далилдери иш менен кошо жөнөтүлөт.

(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [511-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-511)  
Кийинки берене: [513-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-513)
