# 511-берене. Далилдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 63 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "Об основах профилактики правонарушений", "О тишине")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045950)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=51920..53235>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 511-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-511

---

1. Укук бузуу жѳнүндѳ иш боюнча далил болуп бардык иш жүзүндөгү маалыматтар саналат, ыйгарым укуктуу орган алардын негизинде анын өндүрүшүндөгү иш боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуунун жагдайлары бар же жок экендигин, укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын күнөөсүн жана укук бузуу жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайларды аныктайт.

2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн укук бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле кагаз түрүндөгү же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук формадагы токтом, актылар, укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын, жабыр тартуучунун, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү, экспертизанын корутундусу, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.

Укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароодо далил катары сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана приборлордун маалыматтары, ошондой эле фото жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар (видеокамераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видеокамераларында) менен түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн. (КР 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-510)  
Кийинки берене: [512-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-512)
