# 510-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112606)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283331..1283332>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 510-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-510

---

Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй жагдайлар болгон учурда башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш кыскартылууга тийиш:

1) адамдын жосунунда укук бузуулар курамынын жок экендигин аныктаган чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши;

2) адамдын күнөөсүн жана ушул Кодекстин 22–26-беренелеринде каралган жосундун укукка каршы экендигин жокко чыгарган жагдайлар болгондо;

3) адам ушул Кодекстин 54-беренесинде каралган шарттарда жаза чара жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди колдонуудан бошотулганда;

4) укук бузуу жагдайынын жана курамынын жоктугу;

5) укук бузуу жасалган учурда адамдын он алты жаш куракка жете электиги;

6) жасалган жосун үчүн жоопкерчиликти жокко чыгарган жана ошол эле жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилеген мыйзамдын жоболору бир убакта күчүнө кирген учурду кошпогондо, укук бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген актынын жокко чыгарылышы;

7) укук бузуулар жөнүндө иш каралган учурга карата ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган эскирүү мөөнөттөрүнүн бүтүшү;

8) укукка каршы аракет же аракетсиздик жасаган адамдын акыл-эси жайында болбогондо;

9) жоопкерчиликке тартылган адамга карата ошол эле факты боюнча соттун же ыйгарым укуктуу органдын жаза чара көрүү жөнүндө токтомунун, же болбосо укук бузуу жөнүндө ишти кыскартуу тууралуу жокко чыгарылбаган токтомунун болушу;

10) иш боюнча өндүрүш башталган жана жүргүзүлүп жаткан адам каза болгондо;

11) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө жазуу юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине соттун чечиминин негизинде киргизилгенде;

12) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган конкреттүү жеке адамга карата ошол эле факт боюнча кылмыш ишинин болушу.

13) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же болбосо тескөөдө ушул Кодексте каралган укук бузуулар жасалганда.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [509-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-509)  
Кийинки берене: [511-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-511)
