# 51-берене. Коомдук иштер, камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын алмаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=14329..14341>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 51-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-51

---

1. Ушул Кодекстин 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот жаза чарасынын бул түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, коомдук иштер 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуу менен алмаштырылууга тийиш.

2. Ушул Кодекстин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камакка алуу түрүндөгү жаза чарасын дайындоо мүмкүн болбогон учурда, сот бул жаза чарасынын түрүн берененин санкциясында каралган жаза чарасынын башка түрү менен алмаштырат, ал эми жаза чарасынын башка түрү жок болгондо же аны дайындоо мүмкүн болбогондо, камак 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул менен алмаштырылууга тийиш.

3. Коомдук иштерди аткаруудан экиден көп жолу баш тартылган учурда, эгерде аны жасагандыгы үчүн 5 суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу каралган болсо, сот жаза чарасынын бул түрүн камакка алуу менен алмаштырат, калган учурларда айып пул салуу менен алмаштырат.

4. Жаза чарасынын бир түрүн башкасына алмаштыруу ушул Кодекстин 56-главасында каралган тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-52)
