# 509-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүштү кайра жандандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 509-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-509

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтотулган өндүрүш токтотуу үчүн негиздер жараксыз болгондон кийин соттун, ыйгарым укуктуу органдын токтому менен кайра жандандырылат.

2. Иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга же анын мыйзамдуу өкүлүнө кабарланат.

3. Ушул Кодекстин 508-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык иши токтотулган укук бузууларды жасаган мурда аныкталбаган адам табылган учурда, иш боюнча өндүрүштү кайра жандандыруу жөнүндө токтом протокол түзгөн орган тарабынан жаза чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн ишти андан ары сотко токтоосуз жиберүү менен чыгарылат.

4. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жандандыруу жөнүндө маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

---

Мурунку берене: [508-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-508)  
Кийинки берене: [510-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-510)
