# 508-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 508-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-508

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш аны аяктоого тоскоол болгон төмөнкү негиздердин бири болгон учурда сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан токтотулат:

1) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын турган жери аныкталбаганда;

2) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактын психикалык же башка оор оорулар менен ооругандыгы;

3) укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жак аныкталбаганда;

4) укук бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышууга бөгөт болгон юридикалык жактын кайра уюштурулушу;

5) укук бузуу жөнүндө ишти кароонун алкагында дайындалган экспертизанын корутундусу даяр болбогондо.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган токтом чыгарат.

Сот тарабынан каралуучу иштер боюнча өндүрүштү ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде токтотуу жөнүндө токтомду укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн орган чыгарат.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотууга чейин ыйгарым укуктуу орган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адам жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн болгон бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.

4. Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган укук бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

5. Укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу маалыматтар Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумуна (АМТ) киргизилет.

---

Мурунку берене: [507-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-507)  
Кийинки берене: [509-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-509)
