# 507-берене. Маалыматтар базасына ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 507-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-507

---

1. Укук бузуу фактысын белгилөө үчүн, ошондой эле укук бузуу жөнүндө иш боюнча протокол түзүүгө зарыл болгон, укук бузуучу туралуу маалыматтар камтылган маалымат базасына ээ болгон ыйгарым укуктуу органдар тарабынан укук бузуулар аныкталса, укук бузууну аныктаган ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун катышуусуз укук бузуу жөнүндө протоколун түзүүгө укуктуу.

Ушул беренени колдонуу үчүн жагдайлар төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:

1) ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасы укук бузуучу тууралуу маалыматты (жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер бар болсо), юридикалык жактын аталышы) камтууга;

2) ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасы укук бузуучунун жайгашкан жери (жашаган жери, катталган жери, жайгашкан жери, иш жүргүзүүчү жери) жөнүндө маалыматтарды камтууга;

3) укук бузуу фактысын укук бузуучунун катышуусуз аныктоого мүмкүн.

2. Укук бузуу фактысы аныкталганда ушул берененин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун катышуусуз протокол түзөт жана ыйгарым укуктуу орган жайгашкан дарек боюнча ишти кароо дайындалган убактысы жана орду тууралуу билдирүүнү кайра кабарлоосу менен почта аркылуу жөнөтөт.

Мындай учурларда ишти кароо мөөнөтү протокол түзгөн учурдан тартып 25 календарлык күндөн ашпаган убакытка белгиленет.

3. Ушул беренени колдонууда укук бузуулар жөнүндө иш ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын курамында гана каралат.

---

Мурунку берене: [506-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-506)  
Кийинки берене: [508-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-508)
