# 506-берене. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=1283327..1283329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 506-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-506

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөнкүлөр жүйө болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, укук бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле маалыматтын башка булактарындагы билдүрүлөр (анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте), анын ичинде укук бузуу жагдайынын болушун көрсөтүүчү маалыматтарды камтыган видео же фото материалдар;

4) фото жана кино тартуу, видеожазма функциялары же фото жана кино тартуу, видеожазма каражаттары бар автоматтык режиминде иштеп турган атайын техникалык каражаттар аркылуу жол кыймылы чөйрөсүндөгү укук бузууларды жазып алуу;

5) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартибин бузууларды фото жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттар же фото жана кино тартуу, видеожазуу каражаттары менен жазып алуу.

2. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш кагаз жана (же) электрондук формада Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) жана электрондук колтамгасын (ЭК) колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат тутумун (АМТ) пайдалануучулар ага кабыл алынган чечимдер жана материалдын жылышы тууралуу маалыматтарды киргизет. (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [505-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-505)  
Кийинки берене: [507-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-507)
