# 502-берене. Күбө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031786)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=35906..37924>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 502-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-502

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча күбө катары ошол факты боюнча аныктоого тиешеси бар кайсы бир жагдайлар белгилүү болушу мүмкүн болгон ар кандай адамдар чакырылышы мүмкүн.

2. Он сегиз жашка чейинки балдар күбө катары суралууда мыйзамдуу өкүлдөрдүн, ал эми алар жок учурда – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнүн, ошондой эле психолог жана/же педагогдун катышуусу милдеттүү.

3. Соттун, ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча күбө белгиленген убакта келүүгө, түшүнүк берүүгө, иш боюнча ага белгилүү болгондордун баарын билдирүүгө жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде ыйгарым укуктуу орган ал жашаган же турган шаардын же райондун чегинде жайгашса, отурумда күбөнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

Зарылчылык болгон учурда өтүнмө боюнча күбө жашаган жери же убактылуу турган жери боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүгө укуктуу.

4. Күбө эне тилинде же өзү билген тилде түшүндүрмө берүүгө, жазуу түрүндөгү жазылмаларын пайдаланууга укуктуу.

5. Күбө өзүнө, жубайына жана чөйрөсү мыйзамда аныкталган жакын туугандарына каршы түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.

6. Күбө түшүндүрмө берер алдында сот, ыйгарым укуктуу орган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

7. Төмөнкүлөр күбө боло албайт:

1) аракетке жөндөмсүз жеке жактар;

2) укук бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышуучулардын өкүлдөрү.

3) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ошондой эле ап ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери - өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууларына байланыштуу аларга белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө.

(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-501)  
Кийинки берене: [503-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-503)
