# 501-берене. Жабыр тартуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 501-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-501

---

1. Укук бузуулар менен дене-бойлук, мүлктүк же моралдык жактан зыян келтирилген же болбосо ишкердик аброюна зыян келтирилген жеке же болбосо юридикалык жак жабыр тартуучу болуп саналат.

2. Жабыр тартуучу иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүнүк берүүгө, далилдерди келтирүүгө, өтүнүчтөрдү жана четке кагууларды билдирүүгө, өкүлгө ээ болууга, укук бузуулар жөнүндө протоколго жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууга, ушул Кодекс менен берилген башка процессуалдык укуктарды пайдаланууга укуктуу.

3. Укук бузуулар жөнүндө иш жабыр тартуучунун катышуусу менен каралат. Ал жок болгон учурда ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага тийиштүү түрдө маалымдоо тууралуу маалыматтар бар болгон учурда гана иш каралышы мүмкүн.

4. Жабыр тартуучу ушул Кодекстин 502-беренесине ылайык күбө катары суралышы мүмкүн.

5. Укук бузуулар жөнүндө өндүрүштө жабыр тарткан жактын катышуусуна байланыштуу чыгымдардын орду аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте укук бузуучунун эсебинен толтурулат.

---

Мурунку берене: [500-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-500)  
Кийинки берене: [502-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-502)
