# 500-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=56162..57373>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 500-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-500

---

1. Укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө жактоочу, ал эми жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катыша алат.

2. Жактоочу же өкүл катары төмөнкүлөргө жол берилет:

1) адвокатка - адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте;

2) юридикалык өкүлчүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келген юридикалык өкүлгө;

3) мыйзам, устав же жобо менен ушул юридикалык жактын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо укугу берилген юридикалык жактардын жана алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) кызматкерлерине;

4) тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыктарын коргогон ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары чыгуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине;

5) мыйзамдуу өкүлдөргө.

3. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген ордер менен ырасталат.

Юридикалык өкүлдүн ыйгарым укуктары юридикалык өкүлчүлүктүн маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык өкүлдүн статусун тастыктаган, Юридикалык өкүлдөрдүн реестринде катталган номери жана датасы көрсөтүлгөн, ишеним артуучу тарабынан берилген ишеним кат менен ырасталат.

4. Адвокат жана юридикалык өкүл адам иш жүзүндө кармалган же болбосо укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан тартып ишке катышууга киргизилет.

5. Жактоочу жана өкүл ушул Кодекстин 498-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 9, 13-пункттарында каралган укуктардан тышкары, корголуучу адам сыяктуу эле укуктарга ээ.

(КР 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [499-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-499)  
Кийинки берене: [501-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-501)
