# 499-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 499-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-499

---

1. Өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жак же жабыр тартуучу балдар же өзүнүн дене бою же психикалык абалынан улам жеке адам өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаса, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону мыйзамдуу өкүлдөрү, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү ишке ашырат.

2. Он сегиз жашка чейинки курактагы адам жасаган укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

3. Өзүнө карата укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан же жабыр тартуучу болуп саналган юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону анын мыйзамдуу өкүлү, өкүлү жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [498-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-498)  
Кийинки берене: [500-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-500)
