# 498-берене. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.08.2026 [Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049897); 27.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2024 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О гарантированной государством юридической помощи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=56162..57373>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 498-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-498

---

1. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмөлөрдү алууга;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;

3) укук бузуу жөнүндө ишти кароого жеке өзү, адвокат же юридикалык өкүлчүлүктүн маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык иш жүргүзгөн юридикалык өкүл же болбосо ушул Кодексте белгиленген тартипте мыйзамдуу өкүл аркылуу катышууга;

4) белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;

5) далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө;

6) укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүнө, жүйөлөрүнө жана өтүнмөлөрүнө каршы пикирин билдирүүгө;

7) судьяны, ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө билдирүүгө;

8) укук бузуулар жөнүндө ишти кароого башка катышуучуларды тартуу тууралуу өтүнүч кылууга;

9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алууга;

10) документтерди же маалыматтарды талап кылууга;

11) өзүнүн эсебинен экспертизаны даярдоо жөнүндө өтүнүч кылууга;

12) ишти кароонун мөөнөттөрүн токтотуу же кайра жандандыруу, ошондой эле узартуу жөнүндө өтүнүч кылууга;

13) котормочунун, адвокаттын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

14) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим менен таанышууга, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун нускасын алууга;

15) укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу берүүгө.

Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш учурунда, мыйзам менен каралган башка укуктарды да ишке ашырат.

2. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан жак төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сотко, ыйгарым укуктуу органга өзүнүн ким экендигин тастыктоого жана өзүнүн жашаган жери жөнүндө маалымат берүүгө;

2) сотко, ыйгарым укуктуу органга өз убагында өзүнүн байланыш маалыматтарынын жана жашаган жеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кабарлоого;

3) себебин көрсөтүү менен сотко, ыйгарым укуктуу органга алардын чакыруусу боюнча келе албай тургандыгы жөнүндө өз учурунда билдирүүгө.

(КР 2024-жылдын 27-февралындагы № 58, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [497-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-497)  
Кийинки берене: [499-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-499)
