# 48-берене. Жаза чарасын колдонуунун эскириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 48-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-48

---

1. Жеке жактарга карата жаза чарасы укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде, ал эми укук бузуу улантыла берсе, укук бузуу аныкталган күндөн тартып алты айдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

2. Кызмат адамдарына карата жаза чарасы адам укук бузууну жасаган күндөн тартып бир жыл ичинде колдонулушу мүмкүн.

3. Юридикалык жактарга карата жаза чарасы адам укук бузууну жасаган күндөн тартып бир жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

4. Эгерде укук бузуу жасаган адам ыйгарым укуктуу органдан качса, ошол качып жүргөн бүтүндөй убакытта эскирүү мезгилинин өтүшү токтотулуп турат. Адам табылган күндөн тартып эскирүүнүн мөөнөтүнүн өтүшү кайра жандандырылат. Мында туум ушул Кодекстин 35-беренесине ылайык эсептелет.

5. Адамдын аракеттеринде укук бузуунун белгилери болгондо, кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тарткан же болбосо кылмыш-жаза иши кыскартылган учурда кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тарткандыгы жөнүндө, же болбосо аны кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен жаза чарасы салынышы мүмкүн.

6. Эскертүү түрүндө жаза чарасы укук бузуу табылган учурларда, ал жасалгандан кийин жана жасалган жеринде түздөн-түз колдонулушу мүмкүн.

7. Жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адамдын аныкталбаганына байланыштуу укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда жаза чарасын колдонуу мөөнөтүнүн эскириши бир жылды түзөт.

8. Монополияга каршы мыйзамдарды бузган учурда эскертүү түрүндөгү жаза чарасы ишти кароодо колдонулат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-49)
