# 46-берене. Жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 46-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-46

---

1. Жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин оордотуучу жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) укукка каршы жүрүм-турумду токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын талабына карабастан, аны улантуу;

2) адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип укук бузууларды жасоо;

3) согуштук же өзгөчө абал шарттарында, же болбосо коомдук кырсыктардын шарттарында укук бузууларды жасоо;

4) бир жылдын ичинде бир түрдүү укук бузууну кайталап жасоо;

5) 18 жаш куракка чейинки балдарды укук бузууга тартуу;

6) алкоголдук мас же болбосо баңгизаттарын, психотроптук же башка мас кылуучу каражаттарды колдонуудан улам мас абалында адамдын укук бузуу жасоосу.

2. Укук бузуулар жөнүндө ишти караган сот, ыйгарым укуктуу орган укук бузуучунун инсандыгынан жана жасалган жосундун жагдайларынан улам ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды оордотуучу деп тааныбашы мүмкүн.

Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-47)
