# 452-берене. Прокурор жана анын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2025 года № 116 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028505)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=33444..33627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 452-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-452

---

1. Прокурор укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.

2. (КР 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Прокурор көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү козгоого;

2) укук бузуу жөнүндө ишти кароого катышууга, өтүнүчтөрдү билдирүүгө;

3) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жетүүгө;

4) укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынан өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;

5) өзүнүн токтому менен укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органынын кызмат адамынын жана төмөн турган прокурордун, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерин жокко чыгарууга;

6) өзүнүн токтому менен мыйзамсыз кармоодо болгон адамды бошотууга;

7) ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук чечимдерге даттанууга;

8) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

4. Прокурордун ушул Кодексте каралган тартипте укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн органдарга жазуу жүзүндө берилген талаптары жана көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.

Берилген көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт. (КР 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [451-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-451)  
Кийинки берене: [453-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-453)
