# 451-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011457)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=13961..14329>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 451-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-451

---

1. Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан каралат:

1) райондук жана аларга теӊдештирилген шаардык соттордун судьялары;

2) министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн компетенцияларына ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары;

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.

2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт.

Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жеке курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Ыйгарым укуктуу орган айрым укук бузуу фактылары боюнча жаза чарасын салууга укугу жок укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана органдарга (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [450-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-450)  
Кийинки берене: [452-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-452)
