451-берене. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдар
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 51-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2024 года № 157
1. Укук бузуулар жөнүндө иштер төмөнкүлөр тарабынан каралат:
1) райондук жана аларга теӊдештирилген шаардык соттордун судьялары;
2) министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн компетенцияларына ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, шайлоо комиссиялары;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары.
2. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө жана токтом чыгарууга, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу иштөөчү комиссияларды түзөт.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жеке курамы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Ыйгарым укуктуу орган айрым укук бузуу фактылары боюнча жаза чарасын салууга укугу жок укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана органдарга (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.
(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
451-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 157 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"Редакцияларды салыштыруу
30.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу алынып салынды: мамлекеттик органдын алынып салынды: чечими, кошулду: чечими менен бекитилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия жөнүндө жобо жергиликтүү кеңештин чечими менен, анын сандык жана жеке курамы - жергиликтүү өз алдынча алынып салынды: башкаруу органдары үчүн – жергиликтүү кеңештин кошулду: башкаруунун аткаруучу органынын чечими менен бекитилет.
Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган … (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.
кошулду: (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Төш-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы № 01-6/12 “Түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ыйгарым укуктары боюнча протоколдор сунуштаманын негизинде түзүлүшү жөнүндө” токтомуПостановление · 12.08.2022 · № 01-6/12
- Шопоков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 11-августундагы № 123 "Жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого…Постановление · 11.08.2023 · № 123
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-451" title="451-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>