# 45-берене. Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 45-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-45

---

1. Зыяндардын ордун ыктыярдуу толтуруу же келтирилген зыянды жоюу жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанылат.

2. Ошондой эле жеке жактардын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдар тарабынан укук бузуунун жасалышы;

2) кош бойлуу же беш жашка чейинки курактагы баласы бар аял тарабынан укук бузуунун жасалышы;

3) укук бузуу жасалгандан кийин жабыр тартканга түздөн-түз медициналык же башка жардамдын көрсөтүлүшү;

4) укук бузууну коркутуунун таасири менен, же болбосо материалдык көз карандылыктан улам жасоо;

5) күнөөлүүнүн күнөөсүн чын дилден мойнуна алышы;

6) укук бузуунун жеке же үй-бүлөлүк оор жагдайлардан улам жасалышы.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-46)
