# 446-берене. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга тыюу салынган предметтерди берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 ноября 2025 года № 249 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034082)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=40959..41030>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-446>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-446.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 446-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-446

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адам тарабынан аларды сатып алууга, сактоого же пайдаланууга мыйзамда тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын аталган адамга кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу -

тыюу салынган предметтерди, заттарды же тамак-аш азыктарын убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жаза аткаруу тутумунун мекемесинде же тергөө изоляторунда кармалып турган адамга мобилдик жана маалыматтарды берүү үчүн колдонулуучу башка байланыш каражаттарын кандай болбосун ыкма менен берүү же берүүгө аракет кылуу, эгерде бул аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган жосундардын белгилерин камтыбаса -

укук бузуу предметин убактылуу алып коюу менен жеке жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [445-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-445)  
Кийинки берене: [447-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-447)
