# 4431-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-4431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 4431-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-4431

---

1. Алиментти мезгилдүү төлөө милдети болгондо катары менен үч айдан ашык мезгилде же суммалык бир жыл ичинде пайда болгон карыздын суммасында каражатты соттун чечиминин негизинде баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга ата-эненин төлөөдөн баш тартуусу -

үч суткага камакка алууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, кайталанып жасалган ошол эле жосун -

жети суткага камакка алууга алып келет.

3. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды жалпысынан үч ай бою соттун актысын же алименттик макулдашууну бузуп төлөбөөсү -

үч суткага камакка алууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеге ылайык адам жоопкерчиликке тартылгандан кийин 12 айдын ичинде кайталап жасалган укук бузуу кайталанган укук бузуу деп таанылат. Эгерде адам алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, ал жоопкерчиликтен бошотулат. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [443-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-443)  
Кийинки берене: [444-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-444)
