4431-берене. Балдарды же эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды төлөбөө
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 49-глава
1. Алиментти мезгилдүү төлөө милдети болгондо катары менен үч айдан ашык мезгилде же суммалык бир жыл ичинде пайда болгон карыздын суммасында каражатты соттун чечиминин негизинде баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга ата-эненин төлөөдөн баш тартуусу -
үч суткага камакка алууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, кайталанып жасалган ошол эле жосун -
жети суткага камакка алууга алып келет.
3. Эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды жалпысынан үч ай бою соттун актысын же алименттик макулдашууну бузуп төлөбөөсү -
үч суткага камакка алууга алып келет. Эскертүү. Ушул беренеге ылайык адам жоопкерчиликке тартылгандан кийин 12 айдын ичинде кайталап жасалган укук бузуу кайталанган укук бузуу деп таанылат. Эгерде адам алименттик милдеттенмелер боюнча карызын толук төлөсө, ал жоопкерчиликтен бошотулат. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4431-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-4431" title="4431-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>