# 443-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=53554..53975>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 443-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-443

---

1. Соттук аткаруучунун, жеке соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоону, анын ичинде мүлккө болгон өзүнүн укуктары жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүнү, иштен бошогондугу тууралуу, жаңы иш, окуган жери, пенсия алган жери, башка кирешелери же турган жери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүү менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды карызкордун бузуусу, -

жеке жактарга 70 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 250 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Карызкордон акча каражаттарын алуу жөнүндө аткаруу документиндеги камтылган талаптарды банктын же башка кредиттик уюмдардын аткарбай коюусу, -

юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Карызкор болуп саналбаган жактын соттук аткаруучунун, жеке соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуу, карызкордун мүлктүк абалы тууралуу анык эмес маалыматтарды берүү, аткарылуучу документтерди өз учурунда жөнөтпөө менен билдирилген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды бузуусу, -

жеке жактарга 170 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 470 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Өзүнө берилген аткаруу документтерин жоготуусу, -

жеке жактарга, кызмат адамдарына 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [442-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-442)  
Кийинки берене: [4431-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-4431)
