# 441-берене. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 441-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-441

---

Юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген, мамлекеттик кайра каттоосуз жана маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө кабарлоосуз ишти жүзөгө ашыруусу, ошондой эле Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон анык эмес маалыматтарды берүүсү, - юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [440-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-440)  
Кийинки берене: [442-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-442)
