# 44-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүү чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 44-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-44

---

1. Он алтыдан он сегиз жаш куркка чейинки балага тарбиялык таасир көрсөтүүнүн төмөнкү чаралары дайындалышы мүмкүн:

1) мыйзамды түшүндүрүү;

2) келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча милдеттенмени жүктөө;

3) бош убактысын чектөө жана баланын жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды коюу.

2. Мыйзамды түшүндүрүү он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балага анын жасаган жосуну менен келтирилген зыянды жана ушул Кодексте каралган укук бузууларды кайталап жасоонун юридикалык кесепеттерин түшүндүрүүдө турат.

3. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы балага анын физикалык абалын, мүлктүк абалын жана тиешелүү эмгек көндүмдөрүнүн болушун эске алуу менен жүктөлөт.

4. Он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки баланын бош убактысын чектөө жана жүрүм-турумуна өзгөчө талаптарды коюу белгилүү жайларга барууга, эс алуунун белгилүү формаларын пайдаланууга, анын ичинде транспорт каражатын башкаруу менен байланышкан тыюу салууну карашы мүмкүн.

5. Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы балага бир эле убакта тарбиялык таасир көрсөтүүнүн бир нече чаралары дайындалышы мүмкүн.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу мөөнөтү сот тарабынан узактыгы бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө белгиленет.

7. Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы бала ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын экиден көп жолу аткарбаган учурда ички иштер органдары бул чараларды жокко чыгаруу жана ушул Кодекстин 559-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөтү өтүп кетпесе, жаза чарасын салуу жөнүндө маселени чечүү үчүн материалдарды сотко жөнөтөт.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-45)
