# 438-берене. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 438-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-438

---

1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды белгиленген мөөнөттө бербөөсү, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды анык эмес же толук эмес маалыматтар менен берүүсү, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракетти (аракетсиздикти) кайталап жасоо, же болбосо жаза чарасы колдонулгандан кийин бузууларды жойбоо, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [437-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-437)  
Кийинки берене: [439-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-439)
