# 437-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-437>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-437.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 437-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-437

---

1. Шайлоону жана референдумду даярдоонун, өткөрүүнүн жүрүшүндө, добуш берүү күнү талапкердин, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын жетекчилеринин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле аракет, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар уюмдардын жетекчилери тарабынан жасалса, –

жеке жактарга, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-436)  
Кийинки берене: [438-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-438)
