# 435-1-берене. Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-435-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 435-1-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-435-1

---

Жарандардын кайрылууларын кабыл алуудан жана кароодон укук ченемсиз баш тартуу, аларды кароо мөөнөттөрүн бузуу, жазуу (электрондук) жүзүндө жооп бербөө, ошондой эле жарандын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылбоо түрүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу - кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [435-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-435)  
Кийинки берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-436)
