# 431-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2025 года № 80 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=30895..31353>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 431-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-431

---

1. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жүрүү укугун ырастоочу документтеринин (виза, каттоо, жашоого уруксаты, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк, качкындын күбөлүгү, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жоктугун, же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдалануусун же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн качуусун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү, жашоо же эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин бир айга чейинки мөөнөттө бузуусу, -

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет; Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган ошол эле жосун төмөнкү мөөнөттө жасалса: бир айдан үч айга чейин, - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; үч айдан алты айга чейин, - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; алты айдан бир жылга чейин, - жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; бир жылдан ашканда, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Чет өлкөлүк жарандардын кирүүдө билдирилген максатына ылайык келбеген максатта республиканын аймагында жүрүүсүн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоосун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү тартибин бузуусу, -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйругун ал тапшырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде аткарбоосу, -

чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүүгө алып келет. (КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [430-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-430)  
Кийинки берене: [432-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-432)
