# 43-берене. Балдарга карата жаза чараларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 43-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-43

---

1. Укук бузуу жасагандыгы үчүн он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки балдарга салынуучу айып пулдун өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгү менен каралган айып пулдун өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес болууга тийиш.

Он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын айып пул төлөө үчүн жетиштүү расмий иштеп тапканы жок болгондо, бул айып пул (ушул бөлүктө көрсөтүлгөн өлчөмдө) анын ата-энесине же жана аларды алмаштыруучу адамдарга салынат.

2. Он алтыдан он сегиз жаш куракка чейинки балдарга карата жаза чараларынын башка түрлөрү (камакка алууну кошпогондо) жалпы негиздерде колдонулат.

3. Укук бузууну биринчи жолу жасаган он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы бала сот же укук бузуу жөнүндө ишти караган ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага карата ушул Кодекстин 44-беренесинде каралган тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуу менен дайындалган жаза чарасын аткаруудан бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-44)
