427-берене. Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 46-глава
Кызыл Жарым Айдын, Кызыл Кресттин жана/же Кызыл Кристаллдын эмблемаларын, «Кызыл Жарым Ай» же «Кызыл Крест» же «Кызыл Кристалл» деген аталыштарды, айырмалануучу сигналын же аларга окшош болуп саналган же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон каалаган башка белгини же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же сөздөрдү белгилерде плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же ушундай жол менен маркаланган товарларды сатуу, – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
427-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-427" title="427-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>