# 423-берене. Аскер кызматын өтөө тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 423-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-423

---

1. Аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда же аткаруу менен байланыштуу аскер кызматчысынын башка аскер кызматчысын мазактоосу, –

үч суткага чейин камакка алууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.

3. Чакыруу же контракт боюнча тынч убакта аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери тарабынан бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүүсү, ага тете бөлүктөн бошонууда, дайындалууда, которулууда, иш сапардан келгенде, өргүүдө же дарылануу мекемесинде жүргөндө жүйөлүү себептерсиз эки суткадан ашык, бирок он суткадан көп эмес кызматка келбей коюусу, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

4. Аскер кызматчысынын аскердик кызматынын милдеттерин алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалында аткаруусу, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

5. Баш ийбөө, башкача айтканда начальниктин буйругун аткаруудан ачык баш тартуу, ага тете начальниктин баш ийүүсүндөгүлөргө белгиленген тартипте берилген буйрукту атайын аткарбоосу, кызматтын кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирбесе, –

үчтөн беш суткага чейин камакка алууга алып келет.

---

Мурунку берене: [422-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-422)  
Кийинки берене: [424-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-424)
