# 416-берене. Гидрометеорологиялык станцияларды бузуу, бүлүндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 416-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-416

---

1. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды бузуу, бүлүндүрүү, –

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду бүлүндүрүү, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды уурдоо, эгерде бул аракетте кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган аракеттердин белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-415)  
Кийинки берене: [417-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-417)
