# 41-берене. Иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2025 [Закон Кыргызской Республики от 22 мая 2025 года № 103 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230028134); 18.01.2024 [Закон КР от 18 января 2024 года № 18 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000819)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=32939..33304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 41-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-41

---

Жактар тарабынан иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда ушул Кодекстин 74, 98, 144, 179, 222, 2221–2224, 2226, 270, 274, 276, 318, 385, 386-беренелеринде каралган укук бузууларды жасоонун натыйжасында мыйзамдардын талаптары бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган материалдарды иштин белгилүү түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү органга жөнөтөт, же болбосо, эгерде бул маселе анын компетенциясына кирсе, өз алдынча карайт.

Тиешелүү орган мындай материалдар келип түшкөн учурда иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү же объектти же анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө маселени мыйзамда белгиленген тартипте кароого милдеттүү.

(КР 2024-жылдын 18-январындагы № 18, 2025-жылдын 22-майындагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-42)
