# 404-берене. Талаптагыдай эмес жана билип туруп жасалган жалган жарнама

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 43-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306#diff=59872..1283323>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 404-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-404

---

Жарнама берүүчүнүн товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө, аларды өндүрүүчүлөргө же сатуучуларга карата талаптагыдай эмес же билип туруп жалган маалыматтарды таркатуусу, ошого тете милдеттүү түрдө сертификацияланууга же лицензияланууга тийиш болгон, бирок шайкештик сертификаты же лицензиясы жок продукцияны жарнамалоо, – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын пайдалануу менен жасалган ошол эле аракеттер, –

жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [403-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-403)  
Кийинки берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-405)
