# 399-берене. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 399-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-399

---

1. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге карата эскертүүчү маркалоо, тейлөө белгисин же товардын чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын же бир түрдүү товарлар үчүн ага окшош белгилерди мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [398-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-398)  
Кийинки берене: [400-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-400)
