# 392-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112306)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112306/edition/1283322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112306/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси, 392-берене (09.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-392

---

1. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн колдонулат.

2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр сот тарабынан 3 айга чейинки мөөнөткө дайындалат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сот төмөнкүдөй тыюу салууларды жана чектөөлөрдү дайындоого укуктуу:

1) жабырлануучу менен түз байланышууларга тыюу салуу;

2) куугунтуктоого тыюу салуу;

3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;

4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөө;

5) курмандыктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.

4. Тыюу салуулар жана чектөөлөр, жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун алдын алуу үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, жабырлануучу менен макулдашуу боюнча дайындалат.

(КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-391)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112306/st-40)
