Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
392-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 7-глава
1. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн колдонулат.
2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр сот тарабынан 3 айга чейинки мөөнөткө дайындалат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сот төмөнкүдөй тыюу салууларды жана чектөөлөрдү дайындоого укуктуу:
1) жабырлануучу менен түз байланышууларга тыюу салуу;
2) куугунтуктоого тыюу салуу;
3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөө;
5) курмандыктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.
4. Тыюу салуулар жана чектөөлөр, жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун алдын алуу үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, жабырлануучу менен макулдашуу боюнча дайындалат.
(КР 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-392" title="392-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>